Menu

Көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун көзү азиз депутат Дастан Бекешовго ачык каты: “Эки сокур соттошуп, аягында судьяларды каматып коюшту…”

Бөлүшүү:

Дастан Бекешев, кандайсын? Ал-ахыбал дегендей? Атаң ичпей калдыбы? Сүйлө анан… Кой десе болбой менин үстүмөн арыз жазып жатып элдин убалына калдың… Мына, эл айтып жатат “эки сокур соттошуп аягында судьяларды каматып коюшту” деп…  Жөн жүрбөйсүн дааа… Жакшы эле айттым сага “коооой бала, кооой” деп, кантсе да мен сегиз жалаяк эрте жырткам. Сени биз майыптар депутат кылып шайлагандан кийин дал ошол майыптардын маселесин чечип биз үчүн иштебейт белең? Бийликке келген күнүңдөн баштап эле популизм менен алектендин. Ар кандай көйгөйлүү маселелерди сөз кыласын, бирок аны чечүүгө аракетти кылбайсын. Ушул күнгө чейин түшүнбөйм, неге мектептеги балдардын тамагын жоюш керек деп да чыктың? Көрүнгөн мыйзамды демилгелейсин бирок майыптар үчүн бүтүргөн бир ишиң жок. Биз ушул майыптар чөйрөсүндөгү активисттер бүтүргөн иштерди, проектилерди уялбай туруп эле өзүм бүтүрдүм деп журналисттерге маалымат бере бересин… Жолдордогу сүйлөгөн светофорлор Мамбетакуновдун проектилери менен башталган. Ал кезде сен депутат эмес элең. Бирок уялбай ошол сүйлөгөн светофорлорду өзүң койгонсуп интервью бердиң. Азиз адамдардын китебин чыгарууну Ганжело Владимир менен Мешечко аттуу майыптар демилгелеп проект кылып жүрүшкөн. Ал кезде сен депутат түгүл, мектепти бүтө элек элең. Азиздер үчүн үйлөр Мамбетакуновдун эмгеги менен тээ небакта Бакиевдин убагында салынган. Акыркы 9 кабат үй 2015-жылы бүттү. Бул үйдүн пайдубалы 2010-жылы толугу менен бүтүрүлүп эшик-терезе салуу гана калган. Ыңкылап деген балээ болуп, курулуш 5 жылга токтоп турду. Ошол үйгө эшик терезе салып, анан таркатып коюп, Атамбаев экөөңөр уялбай эле “биз салдык!” деп койдуңар. А чынында баардык 225 батирди Бакиевдин указы менен салынган. Ошол кишиге рахмат! Кечирип кой, жеке турмушуңду жазууга шарт болуп жатат. Себеби дал ушул жеке турмушуңдагы кадамың саясий аракетиңе таасирин тийгизди. Өзүң билесин, Аксана башында сага турмушка чыккысы келген эмес экен. Жалдырап ыйлактап жүрүп эптеп үйлөндүң ага, аны баарыбыз жакшы билебиз. Бала күндөн баарыбыз бир интернатта окусак билбей коёт белек. Кийин депутаттыкка өткөндө “ажырашам, көзү соо катын алам” деп чыктың. Сокур түгүл соо катынды таштап кетүү коомчулукта сын жаратат. Ал эми сенин кылганың эки эсе сындалган. Себеби, башында өзүң жалдырап, жалынып жүрүп майып кызды турмуш курууга көндүрүп анан колуң бийликке жеткенде соо катын алам десең ким туура көрөт? Албетте бул сенин жеке жашооң, бирок бул жоругуң сенин ким экенинди айгинелеп койбодубу укям??? Өзүң деги бир жолу ойлонуп көрдүңбү, депутаттыкка өтпөй калсам башка соо катын эңсейт белем деп… Эхее-хеее Дастан үкөм, эми сага арналган поэмадан бир шиңгил:
Майып кыз да жоогазын,
Бүтүргөнсүн соодасын.
Депутатка өтпөсөн,
Карайт беле соо катын?

Темирлан Ормуков, акын

(Тексти кыскартылды, бирок стилистикасы жана пунктуациясы өзгөртүлгөн жок)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: