Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельяниновду кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельяниновду кабыл алды.

Жол жана транспорт инфраструктурасын жакшыртуу, энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча ЕАӨБ аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана ошондой эле орто мөөнөттүү алдыга коюлган пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын жана Евразиялык өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы башталгандан берки биргелешкен ишинин жакшы тажрыйбасын белгилеп, Кыргызстандагы маанилүү инвестициялык долбоорлорду каржылоодо, өзгөчө энергетикалык коопсуздукту бекемдөө маселелеринде ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«ЕАӨБдүн Кыргыз Республикасындагы маанилүү инвестициялык долбоорлорду каржылоо маселесиндеги салымы сезилээрлик. Муну менен бирге бизде өлкөбүздүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ бир нече пландаган долбоорлорубуз бар. Биз ЕАӨБ менен бардык ушул багыттар боюнча иштөөгө даярбыз», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстандын экономикасын ЕАЭБге интеграция кылууну күчөтүү жана бул процессте ЕАӨБдүн ролун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

«Биз Кыргызстандын Өкмөтү менен биргеликте эки тараптуу кызматташуунун программасын талкуулап, бекитүүгө даярбыз. Улуттук валюта менен иштеп, интеграциянын алкагында инвестициялык долбоорлорго колдонуу артыкчылыктуу болуп эсептелет. Бул рыноктун өзгөрмөлүү шартында ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого багытталган», – деп белгиледи Андрей Бельянинов.

Ошондой эле ал ЕАӨБ энергетиканы өнүктүрүү тармагында жана транспорттук инфраструктураны курууда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин маалымдады.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Мамлекет башчысы экономиканын Кыргызстан үчүн маанилүү тармактарында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана мамлекеттик банктар аркылуу насыялардын көлөмүн көбөйтүү аркылуу ЕАӨБдүн инвестициялык ишмердигин кеңейтүү боюнча каалоо-тилегин айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: