Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева декларацияда эч нерсени жашырбаганын маалымат жыйында билдирди. «Мен эч нерсени жашырбайм. Малым бар экенин көрсөткөм. Токтогулда 7 жарым сотых жерим бар. Ал жерге үй куруу боюнча пландарым да бар. Токтогулдан 1983-жылы кеткем. Жаш өткөн сайын сагынат экенсиң, туугандарың менен көрүшкүң келет. Ошондуктан жериме чакан үй салсам жакшы болот эле деп кыялданам. Декларацияда канча айлык алганым жөнүндө көрсөтүлгөн. Анча-мынча күнүмдүк тиричиликтен арткан акчаны топтоп жатам» деди Токбаева.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ