Бишкектеги этнокомплекстердин биринде президент Сооронбай Жээнбековдун жээн небереси Алиаскардын тушоо тою өттү. Бул тууралуу аталган тойдо алып баруучулук милдетти алып барган «тамашоучу», актёр, тамада Самат Эркинбеков маалымдап чыкты.
«Мага алгач телефон чалганда президентибиздин кызы менен күйөө баласы экенин билген эмесмин. Качан гана жолугушуп, тойдун жүрүшүн сүйлөшүүгө барганда той ээлери Бактыгүл айым менен Атабек мырза экенин билдим. Албетте, алар менен жолукканда толкундандым, бирок толкундоо көпкө созулган жок. Аябай жөнөкөй адамдар экен. Тушоо той 1-июлда «Супара» этнокомплексинде өтүп, ага 100дөн ашуун мейман келди. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков небересинин тушоо тоюна келе алган жок. Ал эми ханайымыбыз небересине жакшы батасын берип, сыйлуу конок болуп кетти» дейт ал.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ