2018-жылдын башынан бери Кыргызстанда сууга агып жана чөгүп 45 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдар кызматынын башчысы, полковник Урматбек Шамырканов маалымдаган. Суудан ажал тапкандардын ону жаш балдар жана өспүрүмдөр болгон. Жайкы сууга түшүү сезону башталгандан бери 23 адам каза тапса, анын алтоо жаш балдар болгон.
2017-жылы 144 адам сууга түшүп же агып кетип каза тапкан. Кырсыктагандардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ