Буга дейре эл базарда сатылган дарылардан чочуласа, эми дарыканалардагы сатылган дарыдан да шек санашууда. Себеби, бир катар дарыканалар аткезчилик жол менен келген препараттарды соодалап жатышканы каңкууланып келет. Кепилдиги жок дарылардын сатылышына жол бербөө, калктын ден соолугуна кам көрүү Шакирова жетектеген дары-дармек департаменттин түздөн-түз иши болуп эсептелет. Тилекке каршы, бул мекеменин жетекчисине болгон элдин ишеними өчкөнүн кайда катабыз? Бир чети Гүлмира айымды деле түшүнсөк болот. Кесиби финансист болсо, анан кантип фармацевтикага тиши өтсүн? Кыскасы, кадр саясатындагы бул катачылык калктын саламаттыгына зыянын тийгизип койбойбу? Андыктан, Шакирова өзү билген менеджерлик кесибин аркаласа түзүк болчудай. Медицинадагы бир катачылык экинчи катачылыкка жол бериши мүмкүн. Ошондуктан, бул кесип башаламан саясат жүргүзгөн менеджерге муктаж эмес.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ