Menu

Конгантиев сотсуз эле акталды. 6-апрель боюнча Болот Шер жооп береби?

Бөлүшүү:

2010-жылдын 6-апрелиндеги Таласта болгон башаламандык, элге карата ок чыгаруу боюнча ошол кездеги ИИМ министри Молдомуса Конгантиевге кылмыш иши козголуп, УКМКда тергелип жаткан. Бирок арадан сегиз жыл өтсө да Атамбаевдин бийлиги аны ак да, көк да дебей келген. Убакыттын өтүшү, бийликтин алмашуусу менен Молдомуса Конгантиев соту жок эле УКМКнын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши токтотулуп, акталганын кечээ жарыялашты. Аны кайрадан ИИМ министрлигине алып баруу демилгеси көтөрүлүп баштады. Буга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү эмне деген жообун айтышаар экен? Эгер 6-апрелдеги башаламандыкка Конгантиевдин тиешеси жок болсо, анда элге кимдер ок аттырган? Убактылуу Өкмөтпү? Ошол күндүн уюштуруучусу катары Болот Шер жооп берип калабы анда? Деги эле коомчулукта, “7-апрель окуясына УӨ мүчөлөрү күнөөлүү” деген ушак чындыкка айланабы? Каза болгон жарандардын, жарадар болгондордун убал-сообу кимге? Эртең Курманбек Бакиев акталып чыга турган болуп калды көрүнөт. Экс-президент Роза Отунбаева бул туурасында үн катпаса болбойт го. Минтип отурса, 7-апрель, июнь коогалаңы боюнча жоопкерчилик анын мойнунда болуп калышы ыктымал. Бакиевдин кьшмыштуу бийлигин күчтөндүрүүгө салым кошуп келген Молдомуса Конгантиевдин акталышы, Бакиевдердин акталышына жол ачпайбы? Революциянын жокко чыгарылышы кимдерге керек болууда?

Булак: “Ачык саясат” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: