Menu

РСЕ/РС президенти Том Кент: «Орусия бийлиги биздин ишмердүүлүккө тоскоолдук кылууда

Бөлүшүү:

5-июнда Москванын Тверь райондук соту «Эркин Европа/Азаттык» (РСЕ/РС) радиосуна 100 миң рубль өлчөмүндө айып төлөтүү чечимин чыгарды.

Маалыматка караганда, сот медиакорпорация Орусиядагы медианын ишин тескеген «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдын жол-жобосун» аткарган эмес» деп тапты.

Сот отурумунун жүрүшүндө «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун юристтери Орусиянын Юстиция министрлиги бир нече кайрылууларга карабай, мыйзам талаптары, мамлекеттик органдарга каржылык отчет берүүнүн тартиби боюнча ачык-айкын түшүндүрмө бербегенине көңүл бурушту. Учурда медиакорпорациянын жетекчилиги сот чечимине укуктук реакция кылуунуун жолдорун караштырууда.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Том Кенттин билдиришинче, медиакорпорацияга каршы «Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдын колдонулушу — Москвадагы өкүлчүлүгү менен анын кызматкерлеринин куугунтукталышына алып келип, алардын ишине олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Кент «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна каршы сот жараяны — «орус бийлигинин медиакорпорациянын ишине тоскоолдук кылуу боюнча аракеттер топтомунун жана анын журналисттерине каршы шектенүү жаратуу өнөктүгүнүн жаңы баскычы» деп эсептейт.

Анын пикиринде, былтыр декабрда күчүнө кирген Орусиянын жаңы мыйзамы башынан эле саясий максатты көздөгөн: «Анткени Орусияда иштеген бардык чет элдик маалымат каражаттарынын арасынан каржылоосу АКШ Конгрессинин грантынын негизинде жүргүзүлгөн гана ЖМКларга «чет элдик агент» деген макам ыйгарылган».

Орусия «Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзам Кремль каржылаган «Russia Today» телеканалын «чет элдик агент» катары кайра каттоо тууралуу АКШнын талабына карата жооп экенин бир канча жолу билдирген. РСЕ/РС жетекчилиги эгер Орусияда «Эркин Европа/Азаттык» радиосу RT АКШда иштегендей шарттарда иштесе, анда мындай абалды кубаттамак. Бирок RT телеканалы өз берүүлөрүн АКШда кабелдик түйүндөр аркылуу эркин жайылтса, Свобода радиосу Орусияда андай мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес.

Орусияда «чет элдик агент» макамы ыйгарылган ЖМКлардын тизмесинде«Америка үнү», «Эркин Европа/Азаттык» радиосу, «Настоящее время» телеканалы, «Свобода» радиосунун «Фактограф», «Сибирь.Реалии» жана башка медиадолбоорлору бар.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу – АКШ Конгресси тарабынан берилген гранттардын эсебинен каржыланган коммерциялык эмес медиакорпорация. Ал маалыматтарды Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыштагы 23 өлкөгө 25 тилде түрдүү платформалар аркылуу (интернет, радио, телеберүү, видео) жайылтат. «Свобода» деп аталган орус кызматы ишин 1953-жылы баштаган. Америкалык чиновниктерге медиакорпорациянын редакциялык саясатына кийлигишүүгө тыюу салынган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: