Menu

Орусиянын фармкомпаниялары дары-дармек кымбаттай турганын эскертүүдө

Бөлүшүү:

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, өлкөдө дары-дармектин баасы көтөрүлөрүн Орусиянын беш ири фармацевтикалык ассоциациясы эскертти.

Алар Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен вице- премьер-министр Татьяна Голиковага жазган катында дарыны маркировкалоодо криптокоргонууну киргизүүдөн баш тартууну суранып жатышат.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) талабы менен өлкөдө мындай эреже 2020-жылдан тартып милдеттүү болгону турат.

ФСБ дары-дармекти маркировка кылууда криптокоргонууну колдонуу “мыйзамсыз товарды” сатууга бөгөт коёт деп эсептейт.

Бирок Орусиянын беш ири фармацевтикалык ассоциациясы бийлик башчыларына жазган катында жаңы эреже мурда мерчемделбеген “материалдык чыгымдарды жана убакытты” талап кыларын, дары-дармектин олуттуу кымбатташын жана калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелерин эскерткен.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: