Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка ишке кеткенине байланыштуу шаардын жаңы мэрин шайлоо 20 күндүн ичинде өтөт. Ага чейин калаа башчысынын милдетин биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев аткарат. Шаардык кеңештин депутаттарынын көбүнүн добушун алган талапкер мэр болуп шайланат. Учурда мэр болом деп ээликкендердин сап башында Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жана Кара-Суу районунун акими, айтылуу «Райым миллиондун» иниси Тилек Матраимовдордун аттары аталууда. Ийгилик кимге жылмайып, тараза ташы кимге оойт азырынча белгисиз. Бул үчөөнөн башка да болуп калышы ыктымал.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ