Menu

Шакирова Россиянын жараныбы?

Бөлүшүү:

Өзбекстанда препараттарды ар кандай баада саткан 200 дарыкана лицензиясынан ажырап, 255 дарыкананын ишмердүүлүгү 10 күнгө токтотулду. Ал эми Кыргызстанда препараттардын баасын көзөмөлдөгөн жан жок. Адистер акыркы 4 жылда Россия, Өзбекстан, Казакстанда баалар арзандагандыгын, Кыргызстанда дарылардын баасы 2 ден 16 эсеге чейин жогору экендигин аныкташкан. Эл дары-дармек департаментинин жетекчиси Гүлмира Шакирова баалардын башаламандыгын жөнгө салбайбы деп беймаза. Каражаттан каржалган жарандарыбыз болсо базарда сатылып жаткан жасалма дарыларды алганга аргасыз. Эксперттер ал дарылар бор менен кумшекердин аралашмасынан эле жасалат деп эсти чыгарууда. Ал эми Шакировага калктын ден соолугу анчейин маанилүү эмеспи, башым деп койгон жок. Жасалма, аткезчилик менен кирген препараттар мурда базарда сатылса, азыр дарыканаларга чейин кирип кетти. Бул калктын саламаттыгы коркунучта дегенди билдирет.

Арийне, Шакированын «Электрондук база түзүлүп жатат» – деп айтканынан майнап чыга элек. Электрондук база түзүлдү деген сөз – ооруканада иштеп жаткан дарыгерлердин ишин көзөмөлдөө, ар бир аптекада базага түшүрүлгөн дары-дармектерди гана сатуу ишин жолго коюу дегенди түшүндүрөт. Эгер базада жок дарылар сатылып жаткан фактылар аныкталса ошол жерден аптека жабылып, жетекчилигине иш козголот. Мына ошондо гана муз ордунан козголуп, иш аткарылды десек болот. Тилекке каршы, бул иштерден дайын жок. Кыскасы, финансист айым медицинанын тилин түшүнбөй жатабы, айтор кайдигерликтин кесепетинен мекеме таптакыр талкаланып жок болобу деген коркунуч күч…

Ал арада «Шакирова Россиянын жараны экен» деген имиштер айтыла баштады. Тиешелүү органдар бул маселеге көңүл буруп, иликтеп укуктук баа бериш керек… Дегенибиз, Гүлмира айымдын жолдошу учурунда «Крамдс-банкты» банкротко учуратып, өлкөдөн чыгып кеткени айтылып келет. Кийин Россиянын чалгын кызматында иштеп жатканы боюнча маалыматтар жазылган. Эми минтип Шакированын кош жарандуулук маселеси жаралды. Кызык, ошондо жубайлар башка өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышабы деген суроо туулат…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: