Menu

Ошто эшек бизнеси гүлдөдү…

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында кытайлар ферма түзүп, 3 миңден ашык эшекти багып жатышат. Жергиликтүүлөрдүн айтуусу боюнча өлгөн эшектер чуңкурга ыргытылып, жугуштуу ооруларды таратуучу чымын-чиркейлер көбөйүп, үйлөрдү каптап кеткен. Түзүлгөн кырдаал экологиялык коопсуздукка коркунуч жаратып, инфекциялык оорулар калк арасында жайылышы мүмкүн деп айылдыктар кабатыр. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров эшек ферманы, өлгөн эшектер ташталган жерди өз көзү менен көрүп келген. Эл өкүлү Өкмөт тез арада чара көрүп, аталган эшек фермасын жаап, жашоочуларды жугуштуу оорулардан алдын алууга чакырды. Буга дейре түштүктөгү эшек бизнеси гүлдөп жатканы көп жолу айтылды. Бирок тиешелүү органдар бүгүнкү күнгө чейин бул ишке анчейин маани бербей келишет.

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: