Menu

Жедигер Саалаев, акын, Конституциялык палатанын судьясы: “Элиң бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол!”

Бөлүшүү:

– “Бөрү заман” деген азыркы биз жашап жаткан заманбы?

– Азыр чындап эле “этиңди коюп, табагыңды таап ал!” деген “бөрү заманда” жашап жаткандайбыз. “Улууга – урмат, кичүүгө -ызаат” дегендей, улутубуздун мыкты каада-салттарынын бардыгы унутулуп, ыйык эч нерсе калбагандай. Рынок мамилелери деген өзү “оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” деген жашоого алып келет турбайбы. Бирок “момундун ишин Теңирим тейлейт” дегендей, кыргыз чыдамкай, топуктуу, Кудай сүйгөн эл. Жакшылыктан эч качан үмүт үзбөшүбүз керек. Апамдын дайыма кайталап айткан бир жакшы сөзү бар эле: “Мындан жаманымда да тойго баргам дептир бир кыргыз” деген. Биздин өлкөбүздүн да гүлдөгөн өлкөгө айланаарына бардык шарттар бар. Ошол күндөрдү жакындатканга бардыгыбыз аракет кылуубуз керек. “Элүү жылда эл жаңы” дегендей, азыр эл таптакыр өзгөрдү. “Абышканын” баласы элем дебедимби. Мен бала кезде ата-энем эски кишилер, билими жок, балдарын, бизди түшүнбөй жатпайбы, деп “скидка” кылып, кийин мен балдарымды жарым сөздөн түшүнгөн, алар менен таламдаш ата болом деп ойлочумун. Азыр мага дагы балдарым: “силер эски кишилерсиңер, силердин заманда ошондой болчу, азыр башка… түшүнбөйсүңөр…” десе жубайым экөөбүз унчукпай, бири-бирибизди карап калабыз. “Элиң бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол!” дегендей, азыр жаштар келечекте кыйналбай жашайм десе бизнеске, ишкердикке көбүрөөк ык коюусу керек окшойт. Ал үчүн албетте, алган багытында тиешелүү билимин тереңдетип көп окуп, көп иштөө, чынчылдык, ак, таза иштөө талап. Бизден бизнесмен, ишкер чыккан жок, бирок эл алдында өз кызматыбызды так аткарып, айлыгыбызды актап алганга аракет кылып, үй-бүлөбүздү багып келебиз. Жаштарда дымак күчтүү. Менин балдарым да ар кимиси өз алдынча изденүү жолунда жүрөт. Кудайым ушундай жаштардын жолун ачса – келечек ошолордуку. Өлкөбүздүн келечеги да ошолордун колунда эмеспи.

Булак: “Фабула” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: