Menu

Өзбекстанда аялдарды жылаңач чечинүүгө мажбурлаган милиция офицери иштен алынды

Бөлүшүү:

Өзбекстан милиция кызматкерлери (архив)

Өзбекстандын Каттакурган шаардык милиция бөлүмүндө жергиликтүү базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинтип, кордоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Шаардык милиция башкармалыгынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин билдиришинче, бул окуя тууралуу макала «Озодлик” радиосунун сайтына жарыялангандан кийин облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курам боюнча атайын инспекциясынын жана облустук прокуратуранын өкүлдөрү барышкан.

– Санат Умаровду түнү бою суракка алышты. Таңга маал жабырлануучуну алып келишти. Ал Самарканд облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курам боюнча атайын инспекциясы менен облустук прокуратура кызматкерлерине көрсөтмө берди, – деди ал.

4-июлда Өзбекстан Башкы прокуратурасы Санат Умаровго каршы «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча учурда бөгөт чарасы катары Умаровду камакка алуу маселеси каралууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жабырлануучу аял шаар четиндеги айылдардын биринде өтө жакыр жашайт.

– Күйөөсү боор оорудан каза болуп калган. Ал жашап жаткан жерди үй деп айтууга да болбойт. Короосунда дарбазасы дагы, дубалдары дагы жок. Өтө кедей турат. Үйү айылдын четинде жайгашкан, – деди анын коңшуларынын бири.

Маалыматка караганда, буга чейин аял 50 миң сум жана бут кийим уурдаган деп айыпталып, айып пулга жыгылган. Учурда үй-бүлөсүн багуу үчүн мал багууда.

Өлкө ИИМинен кабарлашкандай, тергөөчү Санат Умаров терс аракеттери үчүн жумуштан алынды. Акча уурдоого шектелип кармалган аялдардын экинчисин кордогон дагы бир милиция кызматкеринин тагдыры азырынча белгисиз.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: