Menu

Экс-президенттин былык иштеринен: Иттей кирешелүү ителги бизнеси же Ысык-Көл боюнан 860 га жер тилкесин ээлеп алган А. Атамбаевдин аппетити

Бөлүшүү:

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”, — ​демекчи, буга чейин мурдагы президент А. Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнүн мамлекеттин казынасына миллиондогон зыян келтирген коррупциялык иштери ашкереленип, алды океандын ары жагына качууга үлгүрүп, кача албагандарына кылмыш иши козголуп, УКМКнын абагында жатышат. Бул ирет биздин колубузга ишенимдүү булактар аркылуу А. Атамбаевдин жеке өзү жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ителги багуу менен алектенген жеке бизнеси тууралуу маалымат тийди.

Айрым маалыматтарга ылайык, экс-президент А. Атамбаевдин Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тогуз-Булак айылында жайгашкан “Мурас” “Кыргыз ителги борборуна” тиешеси бар. Мындан улам А. Атамбаев ажо болуп, Ак үйдү мыкчып отурган кезинде көл жээгинен дээрлик 860 га жер тилкесин уулу Кадырбекке каттатып алганын кантип түшүндүрүп берээр болду экен?!

Ал иштин чоо-жайы мындай. 2016-жылдын 31-мартында кыргыз куштарынын борбору деген статус менен “Мурас” борбору Адилет министрлигинен каттоодон өтүп, Ысык-Көлдүн Түп районундагы “Тогуз-Булак” айылынан орун алат. Ал фирма ошол кезде Стамбулдагы кыргыз өлкөсүнүн генералдык консулу болгон Э. Сопоковдун жубайы Э. Эрматованын наамына катталат. Анткен менен алгач ал ишкананын 70 пайыз үлүшү орус жараны В. Кузнецовго, 30 пайызы тажик жараны Ш. Разоковго берилиптир.

2018-жылдын 28-февралында бул коомдун негиздөөчүлөрүнүн катарына Кыргызстандын экс-президентинин уулу Атамбаев Кадырбек Алмазбекович В. Кузнецовдун үлүшүн азайтуу менен уставдык капиталдын 50% үлүшүнө ээ болуп кошулган. Кадырбек — ​кадимки эле экс-президент А. Атамбаевдин кара чечекей уулу.

“Мурас” “Кыргыз ителги борбору” ЖЧКнын расмий жарыяланган максаты Кыргызстандын экономикасына, айыл чарбасына, аңчылык менен токой чарбасына, балыкчылык жана балык чарбасына, тоокен өнөржайы, мал жана өсүмдүк багытындагы продукцияларды өндүрүүгө чет элдик инвестиция тартуу болуп саналат.

Өзгөчө белгилеп койчу жагдай, мурда “Мурас” борборунда экс-президент А. Атамбаевдин чет элдик жарандардын жана кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнүн катышуусунда бир нече ирет ар кандай иш чаралар өткөн. Тактап айтканда “Тоша” деген каймана аты менен белгилүү, К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Т. Чолпонбаев да аралашкан жайы бар. Бул баатыр Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына КСДП тизмеси менен шайланган.

2017-жылы 2-майда ителги борборуна “Мурас” ЖЧКсынын ачылыш аземине Бириккен Араб Эмиратынан атайын делегация чакырылып, алар борбордун аймагында багуу үчүн 42 ителги жана 2 атайын ит кошо ала келишкен.

“Мурас” ителги борбору пайдаланган жер аянты канчалык деңгээлде мыйзамдуу түрдө берилгендиги суроолорду жаратууда. Анткени, аталган борбор жайгашкан 1 гектар аянттын ээси А. Кузмич деген жаран азыр Москва шаарында жүрөт. Баарынан кызыгы, бул аянттагы үй анын 2016-жылы көзү өтүп кеткен, 1925-жылы туулган апасы Кузмич Мария Павловнага катталган экен. Маркум мурда үйдү 1994-жылы төрөлгөн Трушков Андрей Александрович дегенге сатуу-сатып алуу иштерин жүргүзүү үчүн ишеним кат жазып берген. Кийин 2016-жылдын 25-мартында Каракол шаардык кеңешинин депутаты Т. Чолпонбаев тарабынан (“Тоша”) бул үй жасалма документтердин негизинде 2 млн сомго сатып алынгандыгы тууралуу катталып, андан соң атайын даярдалган адамдардын атына жазылып коюлган.

Ток этээрин айтканда, бул иштин артында Атамбаевдер тургандыгы, алар көл боюнан 860 га ашуун жер тилкесин өзүнө менчиктеп алгысы келгени айдан-ачык байкалат. Маселен ал жерлер Өкмөттүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 309-б буйругу менен КРнын Президенти жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз мамлекеттик аӊчылык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилген.

Кийинчерээк, 2016-жылы 21-декабрда “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы” мамлекеттик ишканасы менен “Мурас” “Кыргыз ителги борбору” ЖЧКнын ортосунда эки жылдык мөөнөткө ижара келишими түзүлүп, анын негизинде “Мурас” борбору Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы имаратты кеңсе катары пайдалана баштаган. Мындан тышкары 2016-жылы 6-июнда “Мурас” “Кыргыз ителги борбору” ЖЧК менен Э. Сопоков, анын жубайы тарабынан кызматташтык жана Түп районундагы аталган жер участокторун биргелешип пайдалануу, ишкерчиликти чогуу жүргүзүү тууралуу келишим түзүлгөн.

Ошентип “Мурас” “Кыргыз ителги борбору” ЖЧКга иликтөө жүргүзүлгөндөгү маалыматтар экс-президент А. Атамбаев бул коомдун чыныгы ээси экендигин көрсөтүп турат жана Э. Сопоков аткаруучу адам катары гана юридикалык жактын милдетин аткарган.

“Шоопурдун” шоопуру Э. Сопоковдун кыскача таржымалы

Баса, Э. Сопоков азыр Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу болуп иштейт. Бирок биз билгенден анын дипломатиялык ишке такыр тиешеси жок. Ал болгону 2010-жылы апрелде А. Атамбаевдин амири менен “жылдызы жанып”, алгач муфтияттын эсеп-кысап бөлүмүнө кызматка орношот. Андан көп өтпөй эле Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орунбасарлыгына космостук секирик жасаган. Бирок дээринде мамлекеттик кызматкердин маданияты менен этикасын билбеген, билмек турсун жөнөкөй адамкерчилик сапаты өтө төмөн бул “азамат” мансап менен кызматты көтөрө албай, жеке жүрүш-турушунда моралга жатпаган кылык-жоругу менен “дүң” болуп, салык органындагы жетекчинин орун басарлыгына жомоктогудай тездик менен жетсе, ошондой эле ылдамдыкта шыпырылган. Ал тууралуу бир нече маалымат каражаттары жазышкан болчу…

Бирок колдогон кожосу А. Атамбаев өзү болгон соң, майлуу кызматтан кайра жайлуу кызматка которулуп, учурда Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп иштеп атат. Эми анын бул шаардагы мекендештерибиздин кызыкчылыгын кандай деңгээлде коргоп, мамлекетке кантип кызмат кылгандыгын элестете бериңиз… Бул эми бийликке жалаң өзүнүн мурунку шоопур, таразачы, пол жуугуч, жансакчылары менен кошо кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүн алып келип, элди алты жыл кызыл камчы менен башкарып, мамлекетибизди карызга белчесинен батырган А. Атамбаевдин чыныгы жүзү кандай экендигинин дагы бир далили.

Ителги бизнеси өтө кирешелүү

А. Атамбаев жана анын тегерегиндегилердин Түп районунда эбегейсиз аянтта ителги багып, бизнес кылып жаткандыгы тууралуу тар чөйрөдө айтылып эле жүргөн. Себеби бул өтө кирешелүү тармак болуп саналат. Өзүңүздөр күбө болгондой, “Мурас” ЖЧКсы уставда көрсөтүлгөн боюнча мамлекетибизге бир доллар да чет элдик инвестиция тартып, казынага салым кошкон эмес. Эгер ошол арабдардан акча келсе да, өздөрүнүн чөнтөгүнө гана түшкөндүр.

Ителги бизнеси дүйнөлүк рынокто өтө кирешелүү болуп саналат. Куштардын бул түрүн негизинен байлыгы ашып-ташкан араб шейхтери сатып алышып, көңүл ачышат. Бирок климаты өтө ысык Араб өлкөлөрүндө ителги багууга дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан Россиянын Алтай крайы, Кыргызстан сыяктуу климаты салкын аймактардан сатып алышат.

Жашыруун сатылган рынокто бир ителгинин баасы 50 миң доллардан башталып, бир нече жүз миң долларга чейин көтөрүлөт. Бирок Кызыл китепке кирген бул куштун түрүн сатууга, аткезчилик жол менен башка өлкөнүн аймагына алып өтүүгө тыюу салынган.

Сыягы, экс-президент А. Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү ушул өтө кирешелүү бизнести жасап, эбегейсиз акча жасагысы келишкен окшойт. Балким бизнесинин үзүрүн деле көрүшкөндүр. Бул суроолорго тиешелүү текшерүүчү мекемелер жооп беришер…

А. Жапаров

Булак: “Жаңы Ордо” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: