Чыныгы генерал, милициянын баркын көтөргөн Молдомуса Конгантиевди 2010-жылдан бери 7-апрель окуясы боюнча кылмыш ишине байланыштырып келгени белгилүү. Генералдын 7-апрелдеги адам өлүмү менен коштолгон окуяга тийешеси жок экени белгилүү экенине карабай, окуя Конгантиевдин күнөөсүнөн улам башталган деп айып тагып келишкен. 18-июнда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы генералдын аракетинде эч кандай кылмыштын курамы жок экенин белгилеп, ага карата козголгон кылмыш ишти кыскартканы белгилүү болду. УКМК “2010-жылы 7-апрелде укук коргоо органдарынын ок атуучу курал колдонгонунан улам жарандардын өлүмү жана ар түрдүү жаракат алган окуяга Конгантиевдин катыштыгы болгон эмес” деп билдирген. Таласта мыкаачылык менен сабалганда сынып бербеген Конгантиев бийлик өзүнө карата жасалма кылмыш ишин ачканда сынып калмак беле. Өзүнүн ак экенине ишенип эл арасында башты бийик көтөрүп жүрбөдүбү. Ага кылмыш ишин ачкандар азыр эл көзүнө көрүнгөндөн коркуп олтурушпайбы.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ