Menu

Икрамды АШАнын тегерегиндегилер жамандатып жатканы чынбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын эгемендүү тарыхында легендага айланган шоопур Икрам Илмияновду баардык маалымат каражаттары шайтандын эле баласы кылып көрсөткөнгө аракет кылды. Айрыкча шоопурлуктан эле мамлекетти башкаруучу ролду кармата койгон АШАнын доору бүткөндөн кийин. Азыр да “Илмиянов неге камалбайт? Коррупционерлердин анабашчысы Икрам болчу. Сооронбай Жээнбековду мен президент кылгамын, эмгегим зор деп көрүнгөн жерде айтып жүрөт” деген сөздөр айтылып жүрөт. Мындай сөздөрдү Илмияновдун душмандары эмес, аны менен чогуу жүргөн командалаштары чыгарып жатканы акылга сыябы? Соке менен АШАнын достук мамилеси бузулуп, жарака кетип, АША таасирин жоготуп, ишенген адамдарынын баары жумуштан айдалып, былыктарынын баары ачыкка чыгып, элге жек көрүндү болуп, ишенген лөктөрү Осмонбек Артыкбаев, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов камакка алынып, темир тордун артына киришсе, калгандары суракка чакырылчу тизменин алдыңкы саптарынан орун алган соң “Сооронбай Жээнбеков президенттикке жарабайт десек болбой Икрам Илмиянов АШАны көндүргөн болчу. Ошонун азабын эми баарыбыз тартып жатабыз” дешип, кимдер Икрамды улам-улам ар кандай кептер менен жамандатып жатканы ачыкталабы? Азыр Икрам жаңы командага кошула албай, эски командага барса жакшы сөз укпай жүрөт дешет.

Булак: “Жаңы Ордо” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: