Menu

Зайнидин Курмановдун айынан Түлеев бийликти басып ала албай калганы чындыкпы?

Бөлүшүү:

2010-жылдын 7-апрелиндеги Кыргызстандагы куралдуу төңкөрүштөн кийин Белорусь, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Путинди жарга такап, бул төңкөрүштү ишке ашырганы үчүн Орусиянын атайын кызматтарын уяткарып, Атамбаев сыяктуу лидерлердин адекваттуу эмес экенин айтышып, эгер мындай иштер уланса анда мындан ары достук тууралуу кеп кылууга болобу деп нааразычылык билдире башташат. Ошондо Россиянын атайын кызматтары Кыргызстандын лидерин кайра алмаштыруу планын иштеп чыгышат.

Билермандардын кеңеши менен Москвада качып жүргөн Нариман Түлеевдин кандидатурасына токтолушат. Ага анын Бишкекте популярдуу мэр болгондугу, саясый капиталынын салмактуулугу, төңкөрүш жасоого каржылык ресурстары бар экендиги чоң роль ойнойт. Аны 7-апрелден бери Москвада жашырынган экс-премьер Игорь Чудинов, Кыргызстандагы олигарх Шаки Абдыкеримов сыяктуу бир нече саясатчылар колдошуп уюштуруу иштери башталат. Жаңы революция 12–13-майларга дайындалып, бир нече саясатчылар Бишкектен Москвага чакырылып, консультациялар өткөрүлөт, болочок кызматтар бөлүштүрүлөт.

Түштүк региону боюнча координатор болуп айтылуу Үсөн аке Сыдыков дайындалып, убадасына турат, ал 12-май күнү Ош менен Жалал-Абаддын облакимчиликтерин басып алып, губернаторлорду алмаштырат.

Нариман Түлеев 12-майда самолёт менен Россиянын Канттагы авиабазасына учуп келип, Бишкектеги бийликти алмак. Ал үчүн ал ондогон уюштуруучуларды каржылап, адам ресурстарын камдашат.

7-апрелден бери Санкт-Петербургдагы парламенттик ассамблеянын мейманканасында жашырынып жаткан парламенттин спикери Зайнидин Курманов Петербургдан Москвага келип, 12-майда Бишкекке учмак. Келери менен “Акжолчулар” жана Коммунисттер фракцияларын бириктирип, жыйын өткөрүп, Наримандын бийлигин мыйзамдаштырмак. Мунун баары алдын-ала ийне-жибине чейин сүйлөшүлүп, такталып макулдашылган.

Муну акыркы учурларда билип калган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн “шымдары сууланып” калат. Тез арада бул планды бузуу аракеттери көрүлө баштайт. Анын ичинен Зайнидин Курмановду нейтралдаштыруу — ​Москвадан Бишкекке келтирбей коюу планын ишке ашыруу ошол кезде жаңы дайындалган ИИМ министринин орун басарына жүктөлөт. Атайын жыйын уюшулуп, канткенде Зайнидин Курмановду Бишкекке келтирбөө керек деген маселе талкууланат. Анткени ал кездеги мыйзамдуу спикер Зайнидин Курманов Санкт-Петербургдан Москвага келип, ага Москва-Бишкек каттамы боюнча авиабилет сатып алынып, бул жакка учканы даяр турганы боюнча маалымат алынат. Жыйынга катышкандардын бири “Мен Зайнидин Курмановду жакшы билем. Аялы эмнени айтса ошону жасайт, алардын бир жакын адамын таап аялы аркылуу коркуткула, аялы менен телефондон сүйлөшүп турат экен” деп ишендирет. Ары кетип- бери кетип жатышып, план түзүшөт да КСДПчы Дүйшөн Ирсалиевди штабга чакырышып, партиялык тапшырманы беришет.

Дүйшөн Ирсалиев менен Зайнидин Курманов ыраматылык Медет Садыркулов аркылуу жакындашып, үй-бүлөлүк тыгыз катышы болгон. Анан Ирсалиев Зайнидин Курмановдун үйүнө барып, аялына жашыруун сыр айткан болуп: “мен жашыруун маалымат алдым, атайын кызматтар Зайнидин эртең Москвадан учуп келерин билип алышыптыр, аэропорттон кармап, камайбыз деп жатышат. Келбесин” деп ишендирет. Аялы тынбай Москвага чалып, Зайнидинди Кыргызстанга учуп келбөөсүн айтат. Зайнидин Курманов авиабилетин тапшырып, кайра Санкт-Петербургга барып, КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик ассамблеясынын мейманканасында калат.

Бишкекте жыйылган депутаттар спикер Зайнидин Курмановдун келбей турганын угуп, анын ордуна спикерликке Исхак Масалиевди шайлашат.

12-май күнү жаңы революция түштүктө ишке ашып, түндүктө ишке ашпай калат. Анткени түндүктөгү уюштуруучуларынын баарын Зайнидинди коркуткандай интригалар менен коркутушуп, нейтралдаштырышкан болучу. Нариман Түлеев Кантка коно албай Алматыга барып конот. Акырында Убактылуу өкмөт жеңип, Үсөн Сыдыков, Исхак Масалиевдер контрреволюционерлер катары убактылуу камалып анан чыгып кетишкен. Ал эми Түлеевдик революциянын пландарын бүлдүргөн Зайнидин Курманов дагы бир нече айлап Петербургда жашынып жүрүп, кийин өлкө тынчыганда гана билинбей кирип келген. Чындыгында Курмановго эч кандай кылмыш иши да козголбогон эле, аны ИИМ издеген да эмес. Болгону бир коркутуу операциясынын гана курмандыгы болгон.

К. Тагаев

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: