Menu

Раззакка окшотуп биздин камактагыларды кустурганга дух жетеби?

Бөлүшүү:

Малайзиянын суверендүү фондунан 11 миллиард доллар акча уурдады деген айып менен мурдагы премьер-министр Нажиб Раззак камакка алынып, күрөөгө акча коюп, үй камагына чыгарылды. Эки ай мурун ал жетектеген партия шайлоодон Махатхир Мухаммад жана Анвар Ибрагим жетектеген оппозициянын блогуна утулуп калган. Үйүндөгү өткөн тинтүүдө төрт жүз кымбат баалуу саат, ар бири кеминде 20–30 миң доллар турган аялдардын жүздөгөн кол сумкалары табылган. Дагы бир канча жыл мурун Раззактын жеке банк эсебинде 600 миллион доллар катталганы аныкталган. Анда Раззак ал параны Сауд падышасынан белекке алганын айтса, эми кымбат баалуу буюмдарын казак күйөө баласы, Нурсултан Назарбаевдин агасынын өгөй баласы сунганын айтып шылтоо кылууда. Кызыктуу жагдай, Малайзиянын мыйзамдары боюнча казынадан уурдалган акча беш эсе көп көлөмдө кайтарылып берилиши керек экен. Бизде дагы коррупция менен бир эмес эки мурунку премьер-министр Бишкек ЖЭБ үчүн Кытайдан алынган 386 млн доллар боюнча коррупция менен айыпталып, азыр камакта олтурат. Аларды дагы Малайзияга окшоп, мамлекеттин казынасынан уурдаган акчаларын беш эселеп кустуруп койсо неге болбосун? Ошондо бийликтин кадыры калк арасында көтөрүлүп, колдоого алынмак да. Бул биз үчүн кыял гана бойдон калып жатканы өкүндүрөт.

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: