Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова күнүгө жыйын өткөзө берет деп даттангандар арбып баштады. Мурун дүйшөмбү күнү эртең менен бир саатка жетпей эле бүткөн жыйындар, эми саат беште аяктап, анан болгон- болбогон эле темалар боюнча жалпы министрликтин кызматкерлерин чогултуп алып сүйлөй берет дейт жанында иштегендер. Исакунова аз келгенсип, анын орун басары Лунара Мамытова бир дагы иш кагазына кол койбойт экен, борбордук аппараттын жана жергиликтүү башкармалыктарга кайра-кайра текшертип, комиссиялап кол топтоп. Ушул экөө жоопкерчиликтен коркушса, эмне кылышат десең министр болуп? Сулуулугун сактап министрликтен сырт эле жүрүшпөйбү…
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ