Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну мурункудай эле акча чогултмай оюну менен башталды. Күн сайын министрликтерден бизнес чөйрөсүнө жаадырата кат келип жатат. Өкмөт кайырчыдан беш бетер акча сурайт. Уяласың. Кызыгы, өкмөт улуттук менчик компаниялардан жана элден түшкөн акча каражаттарды мамлекеттик эсепке эмес, бир коомдук уюмдун эсебине которттуруп атканы. Ал уюм дагы жөнөкөй уюм эмес, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы. Эмне үчүн элден түшкөн каражатты коомдук уюмга тейлетип койдуңар, урматтуу премьер-министр?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ