Menu

Балыкчы-Корумду жолу боюнча кылмыш иши козголду, эми Темир Сариев жооп береби?

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча  кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы маалымат таратты.  Атайын кызмат менен башкы прокуратуранын бирге жүргүзүлгөн териштирүүсүнүн натыйжасында Жол чарба департаментинде Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо үчүн консультанттарды тартууда бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталганы айтылат. 2015-жылдын 17-декабрында аталган департамент консалтинг кызматын көрсөтүүчү компаниялардын бири менен түзгөн келишим “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуу жана баасын 16 миллион сомго ашыкча көрсөтүү менен кабыл алынган экен. Башкы прокуратура мамлекетке ири суммада зыян келтирилгенин айтып, Кылмыш-жаза кодексинин 166, 304 жана 306-беренелеринин негизинде иш козгоду. Бул иштин чыры менен мурунку өкмөт башчы Темир Сариев жана Транспорт министри Аргынбек Малабаев “мен акмын, сен аралашкансың” деп кайым айтышып, экөөсү тең кызматтан кол жууган. Эми бул иш боюнча эки лөк да кайрадан суракка чакырылып, бирөөсүнүн аралашканы аныкталат болду бекен?

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: