Кыргызстандан келген сулуу Алтынай Абдымомунова 28-июнда Украинанын Одесса шаарында өткөн «Miss Tourism International, Ukraine, Black Sea 2018» аттуу эл аралык сулуулар сынагынын баш байгесин жеңип алды. Жеңүүчүгө кымбат баалуу металлдан жана таштан жасалган таажы кийгизишти. Бул тууралу “Одесса турмушу” гезитинин электрондук версиясы жазып чыкты.
Сынактын вице-мисси болуп Израилдик модель жарыяланды. Ал эми “Бикини” номинациясы боюнча Молдовалык сулуу жеңишке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ