Бүгүн, 6-июлда Гуламжан Анарбаев КР өкмөтүнүн алдындагы финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Гуламжан Анарбаев буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фондун жетектегени менен белгилүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ