Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын борбору Астананын 20 жылдыгына карата салтанатка катышууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Астана шаарына бир күндүк визит менен Казакстан Республикасынын борборунун 20 жылдыгына карата иш-чараларга катышуу үчүн барды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте «Астана» Эл аралык финансы борборуна барды. Бул борбор кечээ, 5-июлда расмий ачылган.
«Астана» Эл аралык финансы борбору ЭКСПО-2017 дүйнөлүк көргөзмөгө колдонулган аймакта жайгашып, финансылык тейлөө эл аралык борбору, фондулук биржа жана эл аралык коммерциялык арбитражды өзүнө камтып, инвестицияларды алып келүү, капитал рыногун өнүктүрүү, активдерди башкаруу жана жаңы финансылык технологияларды өнүктүрүү менен алектенет.
Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар салтанаттуу сый азем менен жыйынтыкталат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: