Menu

Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков кандидаттык диссертациясын уурдап көчүрүп жазгандыгы белгилүү болду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын вице-мери Эркинбек Исаков 2010-жылы 12-апрелде Кыргыз-орус славян университетинде “Транформацияланып жаткан экономиканын эмгек потенциалынын өсүшүнүн теориялык негиздери”  аттуу кандидаттык диссертациясын жактап, экономика илимдеринин кандидаты деген наам алган. Андан 8 жыл өткөндөн кийин, быйыл Россиялык “Диссернет” уюму Эркинбек Исаковдун кандидаттык диссертациясын текшерип чыгып, анын көп бөлүгүн россиялык эки окумуштуунун диссертациясынан уурдап көчүрүп алганын (плагиат) таап чыкты. Бул тууралу Клооп сайты жарыялады.

Эркинбек Исаков Бишкек шаарынын вице-мери болуп 2015-жылдан бери иштеп келатат. Ал мэрияда турак жай-коммуналдык  чарбаны көзөмөлдөйт.

Эркинбек Күмөнович Исаков – Кыргыз-орус славян университетинин окуу иштери боюнча проректору жана экономика кафедрасынын башчысы Күмөн  Исаковдун уулу болот. Кандидаттык диссертациясын да ушул жерде жактап, ушул жерге мугалим болуп ишке орношкон.

Кандидаттык диссертациясы 181 беттен турса анын 140 бетинде уурдап көчүрүп алуулар (плагиат) бар экендиги такталган. Айрыкча 63-78- беттерде жана 131-175-беттерде толугу менен эле уурдап алынган тексттер бар.

Эркинбек Исаков россиялык окумуштуу, Самара мамлекеттик техникалык университетинин мугалими Марина Гаранина менен Дагестандык саясатчы жана окумуштуу Магомедсалам Магомедовдун эмгектеринен көчүрүп алган. Магомедов 2010-2013-жылдары Дагестан республикасын башкарган. Азыр ал Россия президентинин аппаратында иштейт.

Эркинбек Исаков азырынча плагиат менен кармалган биринчи кыргыз чиновниги болуп жатат. Бирок “Диссернет” уюму азыр кыргыз окумуштууларынын диссертацияларын текшерүүнү жаңы эле баштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: