Menu

Умар Жунусов, милициянын полковниги: “Данияр Абдыкаров коркок, суу жүрөк! Кыргыз милициясынын тарыхында “катын” аталып калат!”

Бөлүшүү:

-Умар мырза, кызмат ордуңузга келдиңизби?

-Соттон утуп келгем. Учурда качан чакырышат деп күтүп жатам. Мен мыйзамды сыйлаган кишимин. Мыйзамдын негизинде кызмат алам Кудайым буюрса.

-Сиз Панфилов райондук милициясын жетектеп турганда, өздүк курамдагы кызматкерлер кызматтык күбөлүктөрүн таштагандары чынбы?

-Ооба. Менин ордумду бирөөгө соодалап жиберишкенде, өздүк курам каршы чыгып, мени менен “кошо кетебиз” дешип, кызматтык күбөлүктөрүн таштап, ызы-чуу болгон. Жергиликтүү калк дагы, “өзүбүздүн балдарга караганда сен жакшы иштедиң” -дешип, ордумда калуумду суранышкан.
-Жакшы кызмат кылгансыз го анда?
-Райондук милициянын имаратында өздүк курамдын иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп, эзели чыкпаган таза сууну чыгарып, сырткы эшикке чип койдуруп, айлана-тегерегин жашылдандырып, колдон келген аракеттерди жасадык. Шартты жакшы түзүп берсең, кызматкерлер дагы көңүлдөнүп иштейт да.

-Сиздин каршылашыңыз, министрдин орун-басары Данияр Абдыкаров кызматтан алынды. Бирок анын ордуна дайындалган Мирлан Каниметов тууралуу, ошондой эле министр Кашкар Жунушалиев тууралуу, орунбасары Сүйүн Өмүрзаков тууралуу терс маалыматтар тарап, кара пиар башталды го?

-Мунун баарын жасаган Данияр Абдыкаров жана анын иштен чогуу кеткен командасы. Ички коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Искандарбек Көчөрбаев менен Кадр кызматынын башчысы Болот Имангазиев да бар. Булар азыр иштен айдалгандан кийин, ичтери өрттөнүп, айлалары кетип, жашыруун даректер менен, жашыруун аттар менен кара пиарларды жаадырып жатышат. Данияр Абдыкаров өзү негизи коркок! Суу жүрөк! Ал ачык, мендей болуп чыга албайт. Ал баягы революцияда Таластан аялдын көйнөгүн кийип качкандай, азыр да аялдарча иш кылып жатат. Эркек болсо, атаандаштары менен ачык күрөшсүн да туурабы? Сүйүн Өмүрзаковду Ош боюнча каралатып жатат. Ошто облустук, шаардык милиция жетекчилери бар да. Ошолор иштесин да. Жайылдагы милициянын имаратындагы Бурулайдын өлүмү боюнча Кашкар Жунушалиевди каралап жатат. Ал боюнча министр Жунушалиев өз учурунда тиешелүү чараларды көрүп, дароо реакция жасабадыбы. Керек болсо ошол окуялардын бардыгы Данияр Абдыкаровдун деңгээли төмөн кадрдык саясатынан улам болгон. Бардык жерге өз кишилерин жетекчи кылып дайындай берген. Алардын кесепеттерин көрүп жатабыз. Абдыкаров, кандай болбосун, кыргыз милициясынын тарыхында “катын” аталып калат.

-Деги эле азыркы министр Жунушалиев кандай иштеп жатат?

-Бу киши интрига менен иши жок. Мурдагылардын убагында кадр маселеси жалаң акча, тааныш аркылуу чечилип калган болсо, азыр тажрыйбалуу, милициянын кадыр-баркын көтөрө турган адамдарды тартып жатат. Кыскасы, Кашкар Жунушалиевге жалпы милиция кызматкерлери нааразы эмес, ыраазы. Элдин милицияга болгон ишеничин арттырыш керек. Эң негизгиси ошол.

Баян КӨЛБАЕВА

Булак: “Ачык саясат” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: