Menu

Казакстанда Аблязовдун тарапташы Асет Абишев камалды

Бөлүшүү:

Алматыда эки айга активист Асет Абишев камакка алынды. Бул тууралуу Фейсбукка анын адвокаты Гүлаим Сыдыкова жазды.

Асет Абишевге “Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу”, “Кылмыштуу уюмду каржылоо” беренелери боюнча айып тагылууда. Активисттин тарапташтары ал чет өлкөдө жүргөн мурдагы банкир, Астананын сынчысы Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдогону үчүн куугунтукталууда деп эсептешүүдө.

Абишевди 5-июлда Алматыда бизнесмен Ескендир Еримбетовдун иши боюнча өтүп жаткан сот жараянынын кайтып келе жатканда полиция кармап кеткен. 7-июлда сот аны эки айга камоо боюнча чечим чыгарган. Адвокаттын Абишевди кепилге бошотуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Асет Абишев камактагы бизнесмен Ескендир Еримбетовдун тарапташтарынын бири болуп саналат. “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы быйыл 13-мартта экстремисттик уюм катары таанылган. Буга карабай, Мухтар Аблязовдун тарапташтары ырааттуу түрдө ар кыл акцияларга чыгып турушат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: