Menu

“Беш-Сары” базарында соода-сатык кылып жүрүп, өсүп чыккан депутат менен министрлер кимдер?

Бөлүшүү:

Айтылуу “көмүр королу” Камчыбек Жолдошбаевдин Бишкектеги Ош базарына жанаша жайгашкан “Беш-Сары” базары да көптөгөн депутат жана министрлерди өстүрүп чыгараганын угуп биз кубандык. Бул тууралу “Беш сары” базарынын ветеран соодагерлери айтып беришип, бизди таңкалтырышты.

Азыр Америкада качып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев алгачкы бизнесин ушул “Беш -Сары” базарынын соода катарларынан төрт чарчы метр соода аянтын ижарага алып, Кытайдан чыккан эл керектөөчү товарларды, кийим-кечек сатып баштаган экен. Сооданы өзү кылчу дешет. Анан алгачкы капиталын жыйнагандан кийин бензин бизнесин көздөй ооп кетиптир.

Азыркы КР Маданият министри Султан Жумагулов да алгач “Беш-Сары” базарынан төрт чарчы соода аянтын ижарага алып, самын менен презерватив сатып байып, үй менен машина алып, бутуна турган экен.

Экс-премьер-министр Темир Сариев Кыргызстанга эң биринчи болуп аялдардын “Тампакс” деген буюмун Россиядан алып келип сатып байыган дешет. Анын товарын “Беш-Сары” базарында саткан реализаторлору да байып бутуна турушуптур. Ошондуктан укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер Темир Сариевге “Тампакс” деп каймана ат коюп алышкан экен.

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев “Беш-Сарыда” краска сатып, “ити чөп жей” баштаганда уюшкан кылмыштуу топтун кайрымагына илинип калып, Россиядан алып келген 5 тонна краскага бир балээ кошуп, 10 тонна кылып саткансың деп жамбашына резина ок жеген дешет.

Жогорку Кеңештин депутаттары Азиз Турсунбаев менен Шаршенбек Абдыкеримов “Беш-Сары” базарын айланчыктап доллар саткан валютчиктер болуптур. Бир жолу бул ишти мыйзамсыз деп тапкан милиция Азиз Турсунбаевди кармап баратканда базардын ээси Камчыбек Жолдошбаев бошотуп калганын көргөндөр сеймедиреп олтурушат.

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева “челнок” бизнесин баштаганда чет өлкөдөн алып келген товарларын ушул “Беш-Сары “  базарында сатып олтурчу экен.

Көрсө биздин аттуу-баштуу депутаттар менен министрлерибиз деле кара жумуштан качпаган, өз эмгектери менен бутуна турушкан эмгекчил адамдар турбайбы. Аларды көп деле уруша бербегиле.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: