Menu

Некролог – Дүйшөнбек Байдөбөтов

Бөлүшүү:

Кыргыз маданияты, кино жана театр искусствосу оор жоготууга учурады. Кыргыз эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты, белгилүү кино жана театр өнөрпозу Дүйшөнбек Байдөбөтов 69 жаш курагында 2018-жылдын 7-июлунда дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Залкар актёр 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтун бүткөн соң, чыгармачылык жолун 1972-жылы Ош облустук драма театрынан баштаган. Андан кийин 1991-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенген.

Дүйшөнбек Байдөбөтов трагедияны да, комедияны да бирдей ойногон, чыгармачылык кудурети кеңири, инсандык масштабы бийик актёр болгон. Маркум «Мен — Тянь-Шань!» тасмасында Ильястын, «Акбаранын көз жашында» Базарбайдын, «Токтогул» тасмасында Токтогулдун ролун жогорку деңгээлде аткарып, Кыргызстандын кино кереметинде легендарлуу инсанга айланды. Ал эми театр сахналарында Курманбек баатырдын, улуу акын Барпынын, коммунист Танабайдын, атактуу Отеллонун образдарын жогорку чеберчиликте аткарып, сахна өнөрүндө да кол жеткис бийиктикти багынта алды.

Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы, маданият жана искусство ишмерлери, жалпы эле кыргыз эли даңазалуу актёр Дүйшөнбек Байдөбөтовдун жаркын элесин түбөлүк эстен чыгарбайт.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Анын жаркын элеси эсибизде түбөлүк сакталат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Джумабеков, М. Д. Абылгазиев,
М. И. Бакиров, А. С. Кодуранова, К. А. Боронов, А. С. Омурбекова, Ж. П. Разаков, З. М. Аскаров, Г. С. Молдобекова, С. Шер-Нияз,
Д. А. Эсеналиев, С. К. Ибраев, М. К. Мукамбетов, С. Жумагулов, Т. Д. Абдраимов, К. М. Кожомкулов, С. А. Раев, Б. Жакиев, М. А. Бектеналиев, А. Өзүбеков, С. Далбаев, М. Далбаева, Ж. Сейдакматова, М Адышпаев, М. Бегалиев, К. Осмонов, Н. Мендебаиров, Ч. Думанаев, З. Сооронбаев, Э. Бекболиев жана театрда бирге иштеген жалпы кесиптештери.

Маалымат: Маркум менен коштошуу бүгүн, 9-июлда кичи мекени Ысык-Ата районунун Уч-Эмчек айылында саат 10.00 өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: