Сооронбай Жээнбеков Аргентина Республикасынын Президенти Маурисио Макриге өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жолдоду. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
«Сизди Аргентинанын эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргызстан менен Аргентинанын ортосундагы түзүлгөн ынак достук мамилелер эки элдин бакубаттыгы үчүн өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу нугунда өнүгө берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми Аргентина элине бейпилдик жана өнүгүү каалайм», — деп белгиленген Президент Сооронбай Жээнбековдун телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ