Бүгүн, 9-июлда Хан Теңир тоосунун алдындагы Түштүк Эңилчек альпинисттер базасына жакын жерде куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан Кыргызстандын аскердик Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы кырсыкка учураган. Бул тууралу Коргоо күчтөрүнүн генштабынын басма сөз кызматы билдирет.
Ал жерге учуп келген тик учак конуп жаткан учурда катуу шамалдан улам бир жамбашына кулап калган. Анын ичиндеги 4 жүргүнчү аман калышкан, бирок жаракат алышканы айтылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ