Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон Казакстандын Актөбө облусундагы автобус кырсыгы боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы бүгүн кабарлады.
Бул иш боюнча айыпталуучу катары беш адам өтүүдө. Алар авобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги.
Маалыматка караганда, компаниянын негиздөөчүсү коммерциялык уюмдардагы милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарган эмес, бузук транспорт каражатын пайдаланууга жол берген жана документтерди жасалмалаган деп айыпталууда. Мехиник бузук автобусту каттамга чыгарууга айыпталып жатат.
Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун жылытуу үчүн каңдагыч лампа колдонуудан улам чыккан.
Транспорт каражатын колдонуу жана өрт коопсуздук эрежелерин бузууга айыпталган автобустун үч айдоочусу 24-январда кармалышкан. 26-январда Актөбө шаардык соту аларды эки айга камакка алуу чечимин кабыл алып, кийин дагы узартылган.
«Сот автобус айдоочуларына карата камакка алуу бөгөт чарасын белгиледи. Компания жетекчиси менен механик тергөө аяктаганга ейин күрөө менен бошотулду», — деп айтылат көзөмөл органдын билдирүүсүндө.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ