Menu

Бүгүн таңда Көк-Бел ашуусунда үч автоунаа кагылышкан

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-июль күнү таңкы саат 05:30да Бишкек-Ош унаа жолунун 359-чакырымында, Көк-Бел ашуусусунда “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S36-76AY, “Форт-Транзит” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В99-57Х, “Шкода-Актавия” үлгүсүндөгү мамлекеттик № С626 ТЕ 77 үч автоунаа кагылышкан. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин № 94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышып, унааларды жолдун четине чыгарууга көмөктөшкөн. Жол кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: