Menu

Германиянын популярдуу туристтик аймагында Көчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндары жана Кыргызстандын туристтик дарамети презентация болду

Бөлүшүү:

2018-жылдын 6-июлунда, Балтия деңизинде жайгашкан белгилүү Вильм корук-аралынын (Германия) Ачык эшик күнүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Элчилиги Жаратылышты коргоо эл аралык академиясы менен бирге Көчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндарын, өлкөбүздүн туристтик дараметин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү уюштурушту.

Вильм аралы, Германиянын популярдуу туристтик аймагы болгон Рюген чоң аралынын жанында жайгашып, меймандарды өзүнүн тан калыштуу токойлор жана кооз жаратылышы менен кызыктырат. Ар жылда Ачык эшик күнү аралга көптөгөн туристтер келишет.

Элчилик улуттук жасалгалоолор менен кыргыз боз үйүн тикти. Көчмөндөр оюндарынын презентациясы болуп, өлкөнүн туристтик дарамети тууралуу буклеттер, журналдар жана башка маалыматтык материалдар таркатылды. Меймандар келе жаткан Көчмөндөрдүн дуйнөлүк оюндарына жана Кыргызстанда этнотуризмге өзгөчө кызыгышты.

Кыргызстанда жаратылышты коргоо тармагында көп жылдар бою иштеген, Германиянын Жаратылышты коргоо боюнча федералдык ведомствого караштуу Жаратылышты коргоо эл аралык академиясынын жетекчиси Торстен Хардер иш-чаранын жүрүшүндө, кыргыз боз үйү – туруктуу өнугүүнүн жана Борбор Азияда жаратылышка аяр мамиленин символу экендигин белгиледи.

Фотокөргөзмөнүн алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын күйөрмандары залкар жазуучунун дүйнөлук адабиятка кошкон зор салымын белгилешти. Ачык эшик күнү меймандардын саны 1500 адамдан ашык болду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: