Menu

Жыл башынан бери өлкө аймагында 57 адам сууга чөгүп каза болгон

Бөлүшүү:

“Кыргыз Республикасынын аймагында жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болгон болсо, алардын ичинен 38и эркектер, 6 аялдар, 13 жаш балдар. Ал эми жай мезгилиндеги сууга түшүү сезону башталгандан бери эле 35 адам каза болсо, алардын ичинен 23 эркектер, 3 аялдар, 9 жаш балдар. Сууга түшүп каза болгондордун эң көбү Чүй облусуна туура келип, 16 адамды түзсө, экинчи орунда Жалал-Абад облусу болуп, 12 адам сууга чөгүп каза болгон. Ал эми Бишкек шаарында 8 адам, Ош шаарында 5 адам, Ош облусунда 5 адам, Баткен облусунда 5 адам, Ысык-Көл облусунда 5 адам, Талас облусунда 1 адам сууга чөгүп каза болушкан. Бактыга жараша Нарын облусунда сууга чөгүп каза болгондор катталган эмес”- деп билдирди бүгүн, 9-июль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өткөрүлгөн аппараттык кеңешмеде КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Мухамед Сваров.

“Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов КР ӨКМнин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы, полковник Урматбек Шармыкановдон бул багытта алдын алуу жумуштарынын жүрүүсү боюнча маалыматын укту. Өз кезегинде У.Шамырканов аткарылып жаткан иштерге токтолуп, жер-жерлерде окутуулар тынымсыз жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Андан сырткары, бир топ проблемаларын да айтууга үлгүрдү. “Суучулдардын сууга түшүү үчүн атайын кийимдери жетишсиз болуп жатат. Андан сырткары, кайыгыбыз бар, бирок, мотору жок”-деди У. Шамырканов. Маалыматты уккан министр Н. Мирзахмедов тиешелүү жетекчилерге суучулдар кызматын шаймандар, атайын кийимдер жана кайык менен камсыздап берүү тапшырмасын койду. Андан сырткары, жарандардын сууга чөгүп каза болууларынын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери канааттандырарлык болбой жаткандыгына токтолду. “Минтип, каза болгондордун эсебин алып жүрө берүү туура эмес, алдын алуу иштерин жандандыруу керек. Бардык шарттары бар, атайын даярдалган сууга түшүүчү жайларда бир да сууга чөгүп каза болгондор катталган эмес. Бардыгы ачык жерлердеги көлмөлөр менен агын сууларда болуп жатат. Демек, ошондой жерлерге ээлик кылышып, кароосуз калтырган тиешелүү органдарга, өз алдынча барып, сууга түшкөндөргө айыппул салуу жагын да карап көрүү керек. Жарандарыбыз каза болуп жатса, эч ким жоопкерчилик тартпаса, бул кайдыгерлик. Керек болсо, мыйзам иштеп чыгалы”-деди Н. Мирзахмедов”, – деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: