Menu

Орусия: Тулада «кыргыз айылын» курууга тыюу салынууда

Бөлүшүү:

Орусиянын Тула облусунун Заокский районундагы Клищино айылында Кыргызстандан барган 427 түтүн эл жер үлүштөрүнөн ажыраганы турат.

Заокский районунун депутаттар кеңеши июлдун башында 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаган.

– Төрт жүздөй кыргызстандык – жарымы Орусиянын жарандары, калганы кыргыз жарандары – ушул жакта жер үлүшүн сатып алып, каттоого туруп, кырктай үй салып коюшкан. Эми күтүүсүздөн бул аймакка отурукташууга тыюу салынаары айтылууда, – деп маалымдады ал жактан үй алган активисттердин бири Баарикан Айылчиева «Азаттыкка«.

Орусияда жеке менчигинен ажыраганы турган кыргызстандыктар орусиялык маалымат каражаттарында «Тулада кыргыз анклавы курулуп жатат» деген макалалар чыккандан кийин жергиликтүү бийлик ушундай чара көргөнүн айтышууда. Алардын турак жайларын каттоого алуудан Росрегистр да баш тарткан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: