Menu

Орусияда мигранттарды каттоону катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди

Бөлүшүү:

Орусияда эмгек мигранттарын каттоого алуу эрежелерин катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин июндун аягында кол койгон.

Мыйзамга ылайык, мындан ары өлкөгө иштегени барган мигрант жашаган жеринде гана каттоого турушу керек болот. Мурда жумуш берүүчү мигранттарды ишкананын юридикалык дареги боюнча каттоого алып келсе, эми ага уруксат берилбейт.

Эксперттердин көбү жаңы талаптарды аткаруу дээрлик мүмкүн эмес экенин жана мигранттардын көбүнүн каттоосу мыйзамсыз бойдон каларын божомолдошууда. Мындан тышкары Орусия полициясы мигранттарды депортация кылуу менен коркутуп, алардан кошумча акча алуу мүмкүндүгүнө ээ боло тургандыгы белгиленүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда тогуз миллионго жакын эмгек мигранты бар.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: