Menu

Икрам жок, эми “KG Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов кимге таянып кутуруп жатат?

Бөлүшүү:

“KG Групп” курулуш компаниясына нааразы болгондор күндөн-күнгө арбып жатат. Бул үй курган компанияны Имамидин Ташов жетектейт. Бул жигит пиарды мыкты жасаган менен ишмердүүлүгү күмөн жаратып, ызы-чуу менен коштолуп келет. Коомго төбөсү көрүнгөн белгилүү эле адамдарга «бекер үй бердик» деп пиар кылып, бирок үй бербей койгон жоруктары арбын. Эми болсо көз боёмочулук кылып элдин акчаларын чогултуп алып үй куруп бербей, сыздатып кеткени кеп болуп жатат. Үй алуучу үлүш ээлери 1 миллион 120 миң АКШ долларын чогултуп беришип, бирок ушул күнгө чейин үйсүз калышканы маалымат булактарында жазылды. Илмияновго таянып алып баарын былгыткан Ташов, дагы деле ошол жоругун токтотпой күчөгөнү кызык. Икрам жок, эми кимге таянып жатты болду экен?.. Баса, Ташовдун компаниясы курган үйлөрдүн көбү сейсмологиялык курулуш талабына жооп бербей турганы айтылып келет. Мындан улам, эксплуатациядан өтпөгөн үйлөрдү деле элдерге сатып жиберген. Сыягы акчадан башканы көзү көрбөгөн Ташовго жарандардын коопсузудугу бир тыйын окшойт. Тиешелүү органдар Ташов ээлик кылган “KG Групптун” салган үйлөрүн тыкыр текшерүүгө албаса, кийин кеч болуп калышы мүмкүн…

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: