Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганы «Наадам» жана Элдик революция күнү майрамдарына байланыштуу куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголия Президенти  Халтмаагийн Баттулганы  «Наадам» жана Элдик революция күнү майрамдарына байланыштуу куттуктады.

«Монголиянын даңктуу тарыхын жана өзгөчөлүү каада-салтын чагылдырган „Наадам“ жана Элдик революция күнү майрамдарына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз. Биз кыргыз-монгол мамилелеринин азыр калыптанып калган деңгээлин жогору баалайбыз жана эки өлкөнүн элинин бакубаттыгы үчүн аларды өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө  ниеттенебиз. Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагындагы биздин жолугушууну жылуу маанайда эстейм жана Монголиянын делегациясын 2018-жылдын сентябрында кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чыдамсыздык менен күтөм. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми монгол элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: