Menu

«Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге оңтойсуз суроолор?..

Бөлүшүү:

– Камчыбек Кыдыршаевич, президенттик шайлоодон кийин дайыныңыз чыкпай калды. Деги эмне менен алексиз? Сиз шайлоодо Бакыт Төрөбаев менен «никеге» туруп жатып, анан жалт берип президент Сооронбай Жээнбековду колдоп чыктыңыз. Эмне үчүн? Сыр болбосо кандай шарт, убада болгонун айта аласызбы? Орозодон кийин айта турган көп маселе бар дегенди кыйытып коңгуроо кактыңыз эле. Бирок андан бери бир айдан ашык убакыт өттү. Эмнеге үн катпайсыз? Коркутуп койгуңуз келдиби же кара күчкө эскертүү жасамыш болуп, оюн кылайын дедиңиз беле? Деги бул номериңиз өттүбү? Бийликке ич күптү болуп жүрөсүзбү? Атамбаевге каттап жатат деген маалыматтар интернет булактарында чыкты. Эгер чын болсо эмне тууралуу сүйлөштүңүз айта аласызбы? Кийинки шайлоого даярдык көрүп, экс-президент менен ымала түзүп жатасызбы? Сиз партияга тизмеге кирчүлөрдөн эмитеден каражат чогултуп жатканыңыз чынбы? Канча миң доллар пайда көрдүңүз? Жогорку Кеңешке боло турган келээрки шайлоонун аркасы менен кризистен чыгып алайын деген максаттар ишке ашчудайбы? Ахмат Келдибеков менен болгон партийный эки тизгин, бир чылбырын талашкан тирешке чекит коюлду беле? Болбосо бир ээрге эки кишинин отурушу кыйын эмеспи, туурабы? Ахмат экөөңүздөрдүн тымызын таасир талашкан тирешиңер качан аяктачудай? Садыр Жапаров досунуздан кабар алып турасызбы? Үн катсаңыз боло байболгур?..

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: