Menu

Ташкенттеги соода борборунда сатуучу менен кардар бычакташты

Бөлүшүү:

8-июлда Ташкенттеги «Флешка» соода борборунда урунулган телефон сатуучулары менен кардарлардын ортосунда жаңжал чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, бир нече киши жабыркаган.

“Азаттыктын” өзбек кызматына жөнөтүлгөн видеодо колуна бычак кармаган жигит башка бир жигитти кубалап жүргөнүн, милиция кызматкери аны токтотууга аракет жасаганын көрүүгө болот.

Соодагерлердин биринин айтымында, бычакташуу учурунда бир нече киши жабыр тарткан.

Ташкент шаардык Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, колдонулган телефон сатуучуларынын бири кардар менен келишпей, уруша кеткен. Соода комплексине келген жаран досторун телефон аркылуу чакырган.

Жаңжал учурунда мурда соттолгон киши соодагерлердин бирин төшкө бычак менен сайган, андан соң автоунаа менен качып кеткен. Жабырлануучу медициналык жардам үчүн ооруканага кайрылган.

Бул факт боюнча “Бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүүнүн аты-жөнү жана автоунаанын мамлекеттик номери аныкталды. Учурда айыпталуучу кармалды, тергөө жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: