Menu

 «Бомба» окуясы боюнча Дүйшөн Зилалиевге карата соттук процесстин хроникасы

Бөлүшүү:

«Бомба» окуясы боюнча  Д.Т.Зилалиевге карата соттук процесстин жыйынтыгы бир топ кызыктуу жагдайларды көрсөтүп жатат. Өзүңүз күбө болуңуз:

1-отурум (2018-жыл, 2-май). Соттук процесстин башталышы.

Бул отурумда окуянын негизги жана жалгыз күбөсү Өмүракунова С. (ИИМ Академиясынын курсанты) суракка алынган. Анын көрсөтмөлөрүндө бир топ карама-каршылыктар болду:

  • Өмүракунова 2017-жылдын 24-ноябрындагы биринчи тушүндүрмө катында унаада 3 адам болгонун жазат. Андан кийин, иликтөөнүн жүрүшүндө ал, өзүнүн көрсөтмөсүн өзгөртүп, унаада 2 адам отурганын айтат;
  • Өмүракунова өзүнүн биринчи көрсөтмөсүндө Зилалиев «Азыр саат 00до бомба жарылат» деп айтканын белгилейт. Иликтөөнүн жүрүшүндө, кийинки көрсөтмөлөрүндө жана сотто ал көрсөтмөсүн өзгөртүп, убакыт айтылбаганын, өзү ушундай ойлогонун билдирет;
  • Иштин материалдары боюнча Өмүракунова башында бомба тууралуу билдирген жаранды Оптима банктын башкармалыгынын төрагасы (Казакстандын жараны) Зилалиевге такыр окшошпогон Капышев Бейбут деп тааныган. Соттук отурумда ал, жөн гана болжолдоп койгонун айткан.

2-отурум (2018-жыл, 25-май).

Отурумда күбөлөр Кармышев Р. (МАИ кызматкери), Исаков А. (МАИ кызматкери), Балтабаев М. (Зилалиевтин мурунку жардамчысы) сурак берген.

Кармышев Р., милициянын майору:

Соттук сурактын жүрүшүндө анын көрсөтмөлөрүндө олуттуу карама-каршылыктар чыккан. Алсак,  иштин материалдары боюнча, Кармышев башында Өмүракунова биринчи күнү Зилалиев «Азыр саат 10.00дон кийин бомба жарылат» деп айтканын билдирет. Кийин, иликтөөнүн жүрүшүндө ал көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, убакыт айтылбаган дейт. Судья Каипов Э. жана жактоочу күбөнүн көрсөтмөсүндөгү бул карама-каршылыктарды белгиледи. Судья Каипов Э. Кармышевтен кайсы көрсөтмө туура экендигин сураганда, Кармышев, «Азыр саат 10.00до бомба жарылат» деп унаадагы адам айтканын Өмүракунова  билдиргенин дейт. Ошондой эле, Кармышев өзгөчө корголууга тийиш кызматкерлердин жүрүү каттамы жабык маалымат экенин жана ал өзгөрүп кетиши мүмкүндүгун көрсөттү. Тактап айтканда, Зилалиев, атайын кортеждин каттамы Манас Москва көчөлөрүнүн кесилиши аркылуу өтө турганын билмек эмес.

Исаков А., милициянын кенже лейтенанты:

  • Анын да сотто берген көрсөтмөлөрүндө дал келбестиктер чыккан. Алсак, кылмыш ишинин материалдары боюнча өзүнун көрсөтмөсүндө «Ландкрузер 200» үлгүсүндөгү унааны көргөнүн айтат. Ал эми, Зилалиев «Лексус 570» үлгүсүндөгү унаа менен жүргөн. Чындыгында эле кайсы унаа болгонун сураган судьяга Исаков эсинде жок экенин айтты.
  • Иликтөөнүн жүрүшүндө Исаков унаанын арткы терезеси ачылып, азият улутундагы жаран курсант кыз менен бир нерселерди сүйлөшкөнүн айткан. Сотто болсо, иликтөөчүгө мындай көрсөтмө бербегенин (протокол өз колу менен жазылса да) жана бул нерселерди көрбөгөнүн жарыялады. Ал унааны гана байкаган;
  • Иликтөөнүн жүрүшүндө Исаков унаанын 1522 ВК номерин эң мыкты эстеп калганын айткан. Чындыгында, Зилалиев жүргөн унаанын мамлекеттик номери 1532 ВК болгон;
  • Ал унаа кесилиште 30 секундадан 1 мүнөткө чейин, андан аз турбаганын билдирген. А бирок, бул кесилиштеги жол чырак 24 секунда гана күйөт ( бул фактыны Зилалиев келтирген).

Балтабаев М. өзүнүн көрсөтмөлөрүн иликтөөгө да, сотко да эч кандай өзгөрүүсүз айткан.

– ал, унаа атайын бомба тууралуу айтуу үчүн эмес, жол чырак кызыл күйгөндө токтогонун билдирди. Эң көп дегенде ал жерде 10 секунда турушкан;

– Зилалиев: «Чон кыз, сизге форма жарашат» деген комплимент айтып, «ондоп ал» деп кошумчалаган. акыркы сөзү эмнеге карата айтылганын ал билбейт, себеби, рулда болгондуктан, жолду карап отурган.

3-отурум (2018-жыл, 4 июнь)

Отурумда күбөлөр Касымалиев А. жана Сулайманов К. сурак берген.

Касымалиев А. (УКМКнын 9-кызматынын кызматкери):

  • Соттун жүрүшүндө унааны көрбөгөнүн жана окуя тууралуу милициянын кызматкерлери жана С. Өмүракунованын өзүнөн билгенин айтты. Өмүракунова С. ага: «Азыр саат 10.00дон кийин бомба жарылат» деп белгисиз адам билдирген. Бул жагдай курсанттын өзүнүн көрсөтмөлөрүнө карама-каршы келет.
  • Сулайманов К. (ИИМ Академиясынын 3-курсунун курсанты):

Отурумдун жүрүшүндө Сулайманов, анын курсташы Омуракунова С. ошол күнү ага белгисиз бирөө «Азыр бомба жарылат» дегенин айткан.

Судья Сулаймановго анын көрсөтмөлөрү дал келбей жатканын белгилеген. Себеби, ал өз колу менен жазган түшүндүрмө катында «саат 10.00до бомба жарылат» деп Өмүракунова билдиргенин жазган.

4-отурум (8-июнь)

Соттук отурумда күбөлөр Шарапов Б. (КР ИИМ Академиясынын кадрлар бөлүмүнүн башкы инспектору), Искембаев Э. (ИИМдин кинологиялык борборунун кинологу), Кушчубеков А. (КР ИИМдин кадрлар бөлүмүнүн инспектору)

Шарапов Б. :

  • Самара аттуу курсант ага унаадагы белгисиз бирөө «Азыр бомба жарылат» дегенин айткан.
  • Шараповдун айтымында, ал өзү унааны көргөн эмес. Ошондой эле, ал кошумчалагандай, сөз болуп жаткан кесилиште негизинен кыймыл көп жана ал күнү унаалардын агымы көп болгон, ошондуктан унаа атайын токтогон эмес. Тактап айтканда, унаа жол чырактын кызылына гана токтошу мумкүн болчу. Бул көрсөтмө Өмүракунованын көрсөтмөсүнө каршы келет. Себеби, ал унаа атайын бомба жөнүндо билдирүү үчүн токтогонун айткан.

Искембаев Э.:

  • Өмүракунова бомба тууралуу билдирген эмес, жөн гана жардыруу болушу мүмкүн экендигин айткан;
  • Ал оперативдүү иликтөө тобунун келгенин жана башка кызматтык иттер менен келген кинологдорду да көргөн эмес;
  • Көрсөтмөлөрдө дал келбестиктер бар. Искембаев иликтөө учурунда жардыруу тууралуу билдирүүдөн кийин ал дароо кызматтык ит менен жарылуучу заттарды табуу үчүн жакынкы аймактарды текшерип чыккан. Ит эч нерсе тапкан эмес. Ал эми сотто, жардыргычты табуу үчүн ит машыкпагандыктан, текшерүү жүргүзбөгөнүн билдирген.

Кушчубеков А.:

  • Өмүракунованын бомба тууралуу билдирүүсүнөн кийин оперативдүү иликтөө тобунун келишин күттүк;
  • Көрсөтмөлөр дал келбей жатат. Иликтөөгө кинолог Искембаев менен бирге жакынкы аймакты кызматтык иттин жардамында текшерип баштадык деген. Сотто, эч нерсени текшербей, оперативдүү иликтөө тобунун келишин күттүк деди.

5-отурум. (3-июль)

Отурумда Зилалиев Д. суракка алынды. Ал өзүнун көрсөтмөлөрун иликтөөгө билдиргендей, эч кандай озгөрүүсүз айтып берди.

  • Анын айтымында, унаа бомба тууралуу билдирүү үчүн эмес, жол чырактын кызылына токтогон. Ал жерде ашып кетсе 10 секунда турушкан;
  • Ал курсант кызга: «Чон кыз, сизге форма жарашат» деген комплимент айтып, «ондоп ал» деп кошумчалаган. Себеби, ага кыздын баш кийиминдеги белги кыйшайып калгандай көрүнгөн;
  • Ошондой эле, Зилалиев билдиргендей, эртеси күнү (25-ноябрда) кечинде анын жардамчысы Балтабаевдин түшүнүк катынан улам, УКМК органдары окуянын чоо-жайы тууралуу кабардар болушкан. Демек, Зилалиевдин келбетин интернет аркылуу көрүп таанып, андан кийин 2-декабрда гана иликтөө органдарына билдирди деген Өмүракунованын көрсөтмөсү чындыкка туура келбейт.
  • Өмүракунова биринчи күндөрү бомба тууралуу билдирген адамды Оптима Банктын башкармалыгынын төрагасы Капышев Бейбут деп тааныганын айтып көрсөтмө бергенин Зилалиев белгиледи. Бирок, кийинчерээк Өмүракунова үзүнүн көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, жөн гана болжолдоп койгонун билдирген. Зилалиев Капышевдин сүрөттөрүн соттун кароосуна койду. Капышев антропологиялык жана башка физикалык параметрлери боюнча Зилалиевге такыр окшоштугу жок болуп чыкты.
  • Мындан тышкары, Зилалиев сотто 27-ноябрда окуя боюнча УКМКнын жетекчиси менен телефон аркылуу сүйлошүп, курсант адашып жатканын билдирген. Буга далил катары ал телефондук сүйлошүүлөрдүн тизмесин берди.
  • Зилалиев сотко инаугурацияга жасалган чакыруулардын оригиналын көрсөттү. Муну менен ал, “Зилалиевди бул иш-чарага чакырбай койгондуктан, таарынып, бомба тууралуу билдирди” деген сөздөрдү четке какты.

Жыйынтыктап айтсак, күбөлөрдүн сурак бериши алардын көрсөтмөлөрү бир-бирине каршы келе турганын жана иликтөө учурунда айып тагууга негиз жок экенин көрсөтүп жатат. Бул иш чынында эле даярдалганы ачыкталып калды. Далилдер жок. Зилалиев өзү соттук процесс бүткөнгө чейин бул окуя боюнча пикирин билдирүүдөн баш тартууда. Президент С.Ш. Жээнбековдун соттордун көз карандысыздыгы жана адилеттүүлүгү туурасында айтылган билдирүүсүнөн кийин бул иштин жыйынтыгы кызыкчылыкты пайда кылат. Соттук отурумдун кийинки жүрүшүнө дыкаттык менен көз салып турабыз.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: