Menu

Кыз ала качкандар эми кантип жазаланат? ИИМ жаңы мыйзам долбоорун сунуштады

Бөлүшүү:

Ички иштер “Министрлиги бойго жете элек кыз менен никеге турган жана ала качууга баргандарга карата жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Документ өкмөттүн сайтына жарыяланган.

Эске салсак, ала качуудан соң милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын өлүмүнөн кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМге 1-июлга чейин үй-бүлөгө каршы зордук-зомбулук боюнча жазаны күчөтүүнү тапшырган.

Даярдалган документте кыз ала качуу акыркы 20 жылдын ичинде коомчулукта жана өлкө ичинде гана талкууланбастан, эл аралык деңгээлде нааразычылык жаратып жатканы айтылат.

Маалыматка караганда, 2013-2018-жылдары кыз ала качуу боюнча 895 учур катталса, анын 727сине (81,2 пайыз) кылмыш иши козголгон эмес. Калган 168 учурда (18,7 пайыз) кыз уурдагандар мыйзам алдында жооп берген.

Мыйзам долбоорунда 17 жашка чыга элек кызды кыйнап никеге тургузган жаран 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып төлөп же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажырашы кереги айтылат.

Ал эми 17ге чыга элек өспүрүмдү ала качып алгандарды беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратып, мындан тышкары, 100-200 миң сом айып төлөтүү каралып жатат.

Ошондой эле аялды уурдап барып, эркине каршы некеге тургузуу боюнча беш жылдан жети жылга чейин соттоо жазасы күчүндө калтырылат.

Булак: “Тамчы” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: