Menu

Кыргызстанда кооптуу жыландар пайда болдубу? ӨКМ жооп берди

Бөлүшүү:

ӨКМдин маалымат кызматы Кыргызстанда ири жыландардын пайда болгону жөнүңдө маалымат таратпаганын жар салды.

Буга чейин ӨКМ Кыргызстанда мурда байкалбаган жыландар пайда болгонун айтып, сак болууга чакырып жатат деген билдирме тарап кеткен. Мессенджердеги маалыматта “бул жыландардын уусу адам өмүрүнө кооптуу” деп айтылган.

“Балдарды белгисиз көлмөлөргө, дарыяларга жибербөөнү суранабыз. Ошондой эле өзүңүздөр дагы сак болуңуздар. Бизге өлкөнүн чар тарабынан элдер, балыкчылар телефон чалып өлкөдө мурда байкалбаган, узундугу 1 метрден 4 метрге жеткен жыландар пайда болгонун кабарлап жатышат”, —деп таратылган маалыматта айтылган.

Мындан тышкары, жыландар адам тийишпесе дагы кол сала турганы белгиленген. Сойлоп жүрүүчү жандыктар күндүн ысыгына байланыштуу канал менен дарыяларга кирип кеткени кошумчаланган.

ӨКМдин маалымат кызматы элге мындай билдирүү таратпаганын жана бул нерсе чындыкка коошпой турганын баса белгиледи.

Булак: “Тамчы” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: