Menu

Азимбек Бекназаров, төңкөрүшчү: “2010-жылы 7-апрелде Молдомуса Коңгайтиевди күч менен түндөп Таластан алдырганбыз, Москвадан дарылатканбыз, мына мен өзүм жетекчилик кылгам”

Бөлүшүү:

“2010-жылы 7-апрелдин  алдында бийлик Данияр Усеновдун жетекчилиги астында штаб түзүп, оппозицияга каршы иштеген,оппозицияны камай баштаган,  ал штабда ошол кездеги Ички иштер министри Молдомуса Коңгайтиев да болгон. Биз кийин ошол штабдын мүчөлөрүнүн баарын камадык. Ошондуктан Молдомуса Коңгайтиевдин кылмыш ишинин кыскарып кетиши юридикалык жактан туура эмес”, – деп билдирди бүгүн, 10-июлда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров.

“Ал ишти тергеп, сотко өткөрүш керек эле, анан сот гана анын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин чечиш керек болчу. 2010-жылы 6-7-апрелде Молдомуса Коңгайтиев Таласка барып, баштан оор жаракат алып, өзүн билбей келгенде, ошол жерден элдер Акылбек Жапаров экөөсүн барымтага алганда, биз алардын кандай экенине карабай, күч менен түндөп Бишкекке алдыртканбыз. Мына мен, өзүм жетекчилик кылгам. МВДнын поликлиникасына жаткызганбыз. Акыбалын көрүп, Москвага лечениеге жөнөткөнбүз.  Муну анын бир туугандары билет, кандай жардам бергенибизди. Россиянын ФСБсы кайра артка кайтарып жибергенде, кой бул өлүп калбасын деп, кайра документтерин даярдап, самолет менен жөнөтүп ошол жактан дарылаттык”, – деди Бекназаров.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: