“2010-жылы 7-апрелдин алдында Бакиевдик бийлик Данияр Усеновдун жетекчилиги астында штаб түзүп, оппозицияга каршы иштеген, оппозицияны камай баштаган. Биз кийин ошол штабдын мүчөлөрүнүн баарын камадык. Алды өмүр бою камакка кесилди, арты 5-6 жылга эркинен ажыратылды. Ал штабдын ичинен кээ бирлери тергөө менен кызматташкандары да болду. Мисалы, Бакыт Калыев менен Элмурза Сатыбалдиев тергөө менен кызматташкан”, – деп билдирди бүгүн, 10-июлда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров.
Эсиңиздерге сала кетсек, Бакыт Калыев көп жылдар Курманбек Бакиевдин жан сакчысы болуп жүргөн, кийин КР Коргоо министри кызматын өтөгөн генерал. Элмурза Сатыбалдиев генпрокурор жана президенттин алдындагы коопсуздук боюнча катчылыкты жетектеген генерал.
Азимбек Бекназаров эмнегедир Бакыт Калыевди кармашканда анын сейфинен 9 миллион доллар накталай акча чыкканын, ал “бул Курманбек Салиевич сактап кой деп берген акча” деп түшүндүргөнүн, анан ал акча кайда кеткенин журналисттерге айткан жок. Ошол акчаны бергенин кызматташуу деп билсе керек.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ