Menu

Мурдагы жол министри Кубанычбек Жумалиев да камалабы?

Бөлүшүү:

Азыркы кезде Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбековдун орун басары Нурлан Ражабалиевдин кылык-жоруктарына ишкерлер аябай нааразы болушуп, президентке, премьер-министрге, спикерге кайрылып, былыгын ашкерелөөгө белсенип жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, мамлекетке зыян келтирген, элдин ырыскысына кол салган коррупционерлерди аесуз жазалоо керектигин баса белгилеп, катуу талап коюп жатканда Ражабалиевдин көзүн май басып, өлкө башчысынын саясатына каршы, кыянаттык менен иш жүргүзүп, бажы тармагынын чалмакейин чалып жатканына таң калгандар арбын. Ишкерлер дал ушул маселеге байланыштуу Ражабалаиевдин Өлкө башчысын тоготпогон өзүм билемдик жоругу коомго тескери көз караш жаратарын айтышып коңгуроо кагышкан.

Белгилей кетсек, Ражабалиев кайдан чыккан олуя деген суроо жаралбай койбойт. Көрсө, бул жигит “алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, Кыргыз бажысынын көшөгө артындагы “серый кординалы” катары таанылган, ишмердүүлүгү мамлекеттик саясатка ылайык келбейт деген негизде, атайын статья менен бажы кызматынын төрагасынын орун басарылыгынан алынган Райымбек Матраимовдун көздөй адамы экен. Учурда “Райым миллион” Өкмөттүн буйругун жокко чыгартам деп соттошуп жаткан кези. Кызыгы, иштен алынган Матраимовдун ордуна анын “кол жоолугу” катары кызмат өтөгөн Нурлан Ражабалиевдин дайындалышы, ошол кезде эле шектенүү жараткан. Айрымдардын “футболист кантип Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп калды” дешип, эстери эңги-деңги болгон. Ал түгүл: “Бул жигиттин эч кандай тажрыйбасы жок. Раимбек Матраимов алгач Ражабалиевди аялына шоопур кылып алып, ишеничтүү, сатып кетпей турганын текшерип, сындан өткөргөн соң Бажы кызматына алып келген. Тогуз жылдын ичинде лейтенант чининен космостук ылдамдыкта полковник чинине жеткирген. Ош бажысынын башчысына чейин көтөргөн. Анан бул жигитти Райымдын ордуна дайындап “карышкырга кой кайтартышты”, – деген пикирлер айтылган. “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деп элибиз бекер айтпаптыр. Мына жыл айланбай мурда аты-жыты белгисиз болгон Нурлан Ражабалиевдин ысымы көп талкуулана баштады. Иштин көзүн билген кыйындыгынан эмес, ишкерлерди кан какшаткан жоругу аркылуу. Эмесе айрым жагдайларга токтоло кетели.

Бажы тармагында дүрбөлөң, башаламандык, коркутуп-опузалоо опогейине жетиптир. Өзгөчө Түштүк-батыш бажысына, “Ош” бажысынын “Достук” өткөрмө пунктуна, “Эркечтам” бажы посту менен Кара-Суу терминалындагы “Ош” бажысына Ражабалиев көзөмөлдүк кылып, Кытай, Өзбекстан, Тажикстандан кирип-чыккан жүктөр үчүн ар бир машинадан 1000 доллардан, 2000 долларга чейин үлүшкө отурушаарын ишкерлер баса белгилешкен. “Эркештам” бажы постунан өтүп жаткан жүктүн документтерин бажы кызматкерлери Ражабалиевдин көрсөтмөсү аркылуу документтерди өзгөртүүнү, товарлардын баасын жогорулатып жазууну талап кылышаары, натыйжада документтер кайра жазылгандан кийин ар бир машинага транзиттик бажы декларациясын жазып беришкени үчүн кызмат көрсөткөнгө дешип, товардын түрүнө карата 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин, курулуш материалдарынын салмагына жараша 500 доллардан 1000 долларга чейин, кийим-кечек болсо 1200-1800 доллардан төлөо талабы коюлаары баса көрсөтүлгөн.

Кытайдан Өзбекстанга, Тажикстанга транзит болуп өтүүчү жүктөр мурда “Райым миллиондун” уруксаты жана анын “Абусахи” фирмасы аркылуу гана ташылса, азыр Ражабалиев көзөмөлдөп, товардын түрүнө, жүктүн салмагына карата ар бир машинадан 300 доллардан 2000 долларга чейин төлөм алып жатканы айтылат. Эми дал эле ушул схеманы “Торугарт” аркылуу да ишке ашыра башташкан. Баарын бажы кызматынын башчысынын орун басары, мур-дагы “Ош” бажысынын жетекчиси Н.Ражабалиев тескеп жатыптыр. Ал тугул, Ражабалиев транзит еткерген ишкерлерге 2018-жылдын январь айынан, май айына чейинки 5 айдын отчетун (2000 доллар) суруп, талап кылган. Ишкерлер мындай кысым-басымдан жудеп, айлалары кеткёнде Ражабалиевдин жосунсуз жорукта-рын коомго шардана кылып, экинчи “Райым миллион” пайда болгонун елке жетекчилерине жеткирууге бел байлашкан.

Айтмакчы, Ражабалиев жакын-кы убактарда Бажы кызматынын терагасы болоорун тар чейреде кеп кылып, азыркы жетекчиси Алмаз Оңолбековго тымызын аң казып жатканын жашырбаптыр. Башка-ча айтканда, Оңолбеков ишти тарта албай жатканын, Бажы тармагынан Кулматовдун учурундагыдай киреше тушпей калганын тиешелуу жерлер-ге каңкуулап, “мен терага болсом, гулдетем элем” деп “шефине” ор казып жатыптыр. Орун басардын ою жаман деген ушул тура…

(Уландысы кийинки сайда)

Раймаалы АДИЛЕТОВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: