Menu

Жалал-Абад: Шаар мэри курулуш иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү талап кылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев муниципалдык курулуш уюмдарынын жетекчилеринен быйылкы башталган жалпы инфраструктуралык жакшыртуу иштеринин жыл аягына чейин бүткөрүлүүсүн талап кылды. Эгер курулуш иштери бүтпөй калса, тийиштүү жетекчилер кызматынан кол жуушу зарыл экенин айтты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар башчысынын мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйынында М. Тагаев быйылкы инфраструктуралык жакшыртуу иштерине шаар бюджетинен 147 миллион сом бөлүнгөнүн, ушул көлөмдөгү курулуш иштери башталганын, бирок алар толугу менен күзгү аба-ырайы бузулганга чейин бүткөрүлүшү зарылдыгын айтты.

-Башталган иштер шаарыбыз үчүн, шаар тургундары үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан азыркы тапта бир күндү да текке кетирбей курулуш иштерин эпкиндүү жүргүзүү зарыл. Күз кандай келерин, аба-ырайы кандай болорун алдын ала билбейбиз. Иштердин бүтпөй калышына эч кандай шылтоо болушу мүмкүн эмес. Бардык иштер өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү зарыл. Эгер кайсы бир участоктор иш бүтпөй калса, анда тийиштүү жетекчи кызматынан кетиши зарыл, – деди ал шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине.

Айрым курулуш тармагынын жетекчилери кээ бир учурларда иштин жай жүрүп жатышына тендердик сынактар себеп болуп жатканын, себеби жарыя берилген соң, сынакка катышуучу уюмдардын жок болуп калышы иштин мөөнөтүн узартып жатканын белгилешти.

Шаар мэри айрым курулуш участкаларында иштин себепсиз эле жай жүрүп жатканын сынга алып, тез аранын ичинде активдүүлүктү арттырууну талап кылды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: