Menu

Жалал-Абад: Кеңейтилген көчө асфальтталууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында буга чейин унаа тыгындары, жөө атуулдардын башаламан кыймылы менен эң көйгөйлүү деп эсептелип, шаар мэриясы тарабынан кеңейтилип жаткан Чехов көчөсү асфальтталууда. Бул кеңейтүү иштеринин акыркы этабы болуп саналат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Учурда көчөнү кеңейтүү иштери аягына чыгып, эми асфальттоо башталды. Алдыдагы, 3-4 күндүн ичинде жаңыртылган көчө шаар тургундарга кызмат кыла баштайт. Баса белгилеп кетчү жагдай, көчө кеңейтилип гана калбастан, анын четине бетон арыкчалары жаткырылып, тротуарлар кошо курулду.

Унаалардын кыймылы көп болгон Чехов көчөсүнүн тардыгы, анын боюнда соода жайларынын көптүгү буга чейин шаардыктар үчүн далай кыйынчылыктарды жаратып келген. Аталган жолдун четиндеги тротуары да талапка ылайыктуу абалда болгон эмес. Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Чехов көчөсүн кеңейтүү иштери башталган.

Кеңейтүү иштери аяктаардын алдынан шаар мэри Мураталы Тагаев иштин жүрүшүн жеринде көзөмөлгө алып, иштин талаптагыдай аткарылышын текшерди. Куруучуларга сунуштарын, каалоо-тилектерин билдирди.

Эске сала кетсек, жолду кеңейтүү иштерин тендерден “СПК адис” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Кеңейтүү ишинин долбоордук наркы 6 миллион 200 миң сом болсо, тендердик наркы 5 миллион 100 миң сом деп бааланган. Анын алкагында жолдун 180 метри 14 жарым метрге чейин кеңейтилиши каралган.

Шаарда ушундай эле негизги Пушкин көчөсү да кеңейтилип жатат. Ал эми шаардагы инфраструктуралык жакшыртуу иштеринин быйылкы жалпы көлөмү 147 миллион сомду түзөт. Анын баары шаардын бюджетинен каржыланууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: